Сүлүктүдө 10 жылдык бүтүрүүчүлөр алгылыктуу демилге жасап жатышат

327

Сүлүктү шаарындагы Исхак Раззаков атындагы №7 орто мектебин 2008- жылы бүткөн бүтүрүүчүлөрү алгылыктуу демилге баштап, мектепти бүткөндүгүнүн 10 жылдыгына карата мектептин дааратканасын капиталдык ремонттоо иштерин кызуу жүргүзүп жатат. 

 «Даараткана 1984-жылдан бери ремонттон өтө элек болгондуктан шыбактары көчүп начар абалга келген болчу. 10 жылдык юбилярларыбыз келип, Россия жана башка жактарда көп иштеп эл көрүп, жер көрүп жүрүп, биздин мектептин дааратканасын заманбап ремонттоп берели деп, сунуш киргизип, ишти баштады, учурда полуна кафель төшөлүп бүттү, 25- майга чейин толук капиталдык ремонт бүтөт»- дейт аталган мектептин чарба бөлүмүнүн башчысы Бегмат уулу Батыр.

Кабарчы:          Анварбек ТУХТАРОВ