Эскерүү кече болуп өттү

166

Бардык жерлерде майрамдык эскерүү кечелери уюштурулгандай эле, Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айылында да 9-май Жеңиштин 73 жылдыгына карата «Тынчтык» паркында чакан эскерүү кече болуп өттү. 

Бул күнү Суусамыр айылынын чоң аталары, айыл өкмөтү,  мугалимдери, окуучулары жана айыл тургундары келишти. Чоң аталар согуш учурундагы  башынан өткөн окуяларын айтып берип, катышуучуларга жакшы каалоо-тилектерин билдирди. Суусамыр айылында бир гана ардагер калган эле. Тилекке каршы ал ардагер ден-соолугуна байланыштуу келе алган жок. Бирок Суусамырдын туруктуу демөөрчүсү, Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев жана айыл өкмөтү тарабынан Суусамыр айылынын бардык ардагерлеринин үйүнө барып, белек-бекчектерди беришти.

Суусамырдын ардактуу аксакалы Токтоболот Казаков башынан өткөн кыйын күндөрү жөнүндө айтып берди:

“Тээ 1941- жылы эртең менен көпкө дейре караңгы болуп турду. Анан жаркырап күн тийди, аксакалдар ошол жерден келме келтирип, шыкаалап турушту. Анан айтышты,  «Аа балээ чыгат экен» деп. Ошентип 41-жылы согуш башталбадыбы. Согуш чыкканда көрбөгөндү көрдүк, бир жагынан соко айдайбыз, бир жагынан арпа отойбуз. Андан кийин бир ат менен чөп тартчыбыз. Кайра Жумгалды көздөй өгүздү жөө айдап алып, үстүнө эки кап эгин жүктөп алып өкмөткө эгин тартчыбыз. Жумгалдан эгинди төгүп кайра кечинде 100 километр жол жөө жүрдүк. Анан ачарчылык болуп бир топ сонун кыздар-балдар өлүп калды. Энелерибиз, жаш кыздар чалгы чабат, чөп жыйнайт. Биз көрбөгөндү көрдүк, жетим өстүк, кийим жок, шым жок, бут кийим жок кыйын болду”,-деп эскерди.

Суусамыр айылдык маданият үйүнүн жетекчиси Талант Асаналиев бул тууралуу өз оюн айтты:

“Быйыл Улуу Жеңишке 73 жылдын жүзү болгон экен. Бабаларыбыз, аталарыбыз жеңишти алып келген жана ушул заманды тартуулаган аталардын арбагына куран окудук. Салтанаттуу жыйын концерти менен эң жакшы деңгээлде өттү. Жылда бул нерсе болуп келген жана боло бермекчи.  Элге-журтка кайрыла турган нерсе ушу   9-май куну бир саат убактысын бөлүп, Суусамыр айылында жайгашкан «Тынчтык» паркына келип беришсе эң жакшы болот эле. Жылдан жылга ардагерлерибиз азайып жана катышуучуларыбыз да негедир суугансып баратат. Ал эми жалпы элге 9-май «Жениш күн» майрамыңыздар менен!”

11-классынын окуучусу Кабылбеков Сактан бул концерт тууралуу мындай деди:

Бул майрам жакшы эле деңгээлде өттү деген ойдомун. Суусамырда ардагерлерден бирөө эле калган экен. Тилекке каршы, Кошкоро атабыз да ден-соолугуна байланыштуу келе албай калды. Бирок ал ардагердин баласы келип, элдерге каалоо-тилегин жеткизип кетти. Мектеп тарабынан чакан концерттик программа болду. Аксакалдарга сөз берилип, куттуктоо сөздөрү айтылды.

Даярдагандар: Назима Акишбекова, Айтенир Индусбекова