Жеңиш күнү белгиленди

Улуу Ата-Мекендик согуштун аяктаганына 73 жыл толду. Алакандай болгон Жайыл районунун Кара-Суу айылынан эле 56 киши согушка кеткен экен. 

      9 mAI

Бүгүн мекенибиздин бардык жеринде Улуу Ата-Мекендик согушка арналган эскерүү иш-чаралары жүрүп жатат. Кара-Суу айылында да ар жыл сайын бул датага арналган иш-чараларды Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кызматкерлери мектептер менен бирге эскерүү кечелерин өткөрүп турушат.
“Согушка кеткен 56 адамдын 37 келбей калды”-, дейт айылдын карыясы Дүйшөнкулов Канысбек. Бүгүн айылыбыздын мектебинде согушка кеткен инсандарды эскерүү болуп өттү. Окуучулар согушка кеткен чоң-аталарын эскеришип, ардагерлер тууралуу декламация, ырларды ырдап, чакан концерт коюп беришти.
Даярдаган: Саида Жусупова