Сары-Булуң айыл аймагында 1500 түп бак отургузулду

111

Тогуз- Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагында “Жашыл долбоордун” алкагында 1500 түп бак отургузулду. Бул тууралуу Сары-Булуң айыл аймагынын жер адиси Артылбек Рысбеков билдирди.

Анын айтымында, көп жылдык бактарды тигүүнүн негизги максаты жер көчкүлөрдүн алдын алуу, айлана-чөйрөнү жашылдандандыруу жана көрктөндүрүү экенин билдирди Артылбек Рысбеков.

Долбоордун алкагында бир жарым миң ак терек, кара жыгач жана ясень көп жылдык бактары төрт гектар жерге отургузулуп, азыркы учурда айланасы корукталып, тосмолонууда. Тосмону орнотуп жаткан атуулдардын айлык-акысы азык-түлүк түрүндө таркатылат.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова