Чоң-Тогузбай айылына жаны электр эсептегичтер кызмат кылууда

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Чоң- Тогузбай айылында эски электир эсептегичтер жаңы заманбап  эсептегичтерге алмаштырылды. Жаңы эсептегич менен аталган айыл толугу менен камсыз болду.

Чоң- Тогузбай айылынын электр кызматчысы эсептегич жөнүндө төмөндөгүлөрдү айтып өттү.

“Мурдагы эсептегичтер диска менен иштесе азыркы  эсептегичтер  электрондук . Бул  канча электр жарыгын колдонгондугун толугу менен туура жана так көрсөтөт . Бул эсептегич менен Чоң-Тогузбай айылы толук камсыз болду. Эсептегичтердин алмашуусуна мурдагы эсептегичтин эскиргендиги себеп болду”.

Ал эми айыл тургуну Сейдил Байгуттуевдин айтымында электри эсептегичтер мыкты кызмат көрсөтүп жатат дейт.

“Бул эсептегичтер абдан жакшы иштеп жатат. Булардын алмашуусу айылдын дагы да жетишкендиги деп эсептейм. Анткени бул заманга ылайык заманбап эсептегич экен.” деп сөзүн жыйынтыктады.

 

Ал эми кайрадан айыл тургуну Жолдошбек Самсалиев менен маек курганыбызда ал төмөнкүлөргө токтолду

“Эсептегич тактыгы менен адамдарга жагып жатат окшойт . Себеби светти уурдап алганга болбойт. Азырынча жакшы иштеп жатат .Бирок бул эсептегич мурдагы эсептегичке караганда кичине көбүрөөк каражат эсептейт экен.”деп Самсалиев өз ойун билдирди.

 

Даярдаган: Нуриза Муратбекова, Алия Азымбекова, Рыскүл Шамшиева

Редактор: Салават Жангабылов.