Бал челекчи Медер Сааданбеков

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Арал айылында бал сатылып келет. Бул иш менен Медер Сааданбеков көптөгөн жылдардан бери элди таза бал менен камсыз кылат. 

Арал айылынын тургуну Медер Сааданбековдун айтымында, окууну бүтөөрү менен эле бал челек менен алектенгем дейт ал:

“18 жашыман баштап бал өндүрүү ишин баштагам. Балдын эспарцет, ак бал, тоо балынын жана дагы башка көптөгөн түрүн даярдайм. Бул балды облустардан, райондордон, айылдардан келип алып кетишет. Аарынын өзүнүн ар кандай сироптору болот сироп бериш керек, ар кандай гулдөрдү кургатып берүү керек. Балдын бир килограммын 100-150 сомго сатам. Кардарларым жетиштүү”,-деп айтып өттү Медер Сааданбеков.

Ал эми Светлана Турсунова жубайынын айтымында, бал челекти 23 жылдан бери түптөп келе жатабыз деп билдирди:

“Жолдошум жакшы иш алып барат, жакшы сапаттагы бал сатат. Бал челекти 23 жылдан бери түптөп келе жатабыз. Балдын пайдасы жакшы. Бир жылда эки тоннага чейин бал алынат”, -дейт Светлана Турсунова.

Ал эми айыл тургуну Чолпон Саадабаеванын айтымында бал жакшы сапатта өндүрүлөт деп эсептейт:

“Балдын сапаты абдан жакшы, мен ушул сатуучудан дайыма алып турамын. Бул өндүрүүчүнүн балы таза, дарылык касиети бар. Медерден сураганымда аарыларды кышында табийгый гана азыктар менен багарын билдирген. Балдын улгайган адамдарга жана башкаларга дарылык касиетин тийгизет”,- деп айтып өттү Чолпон Саадабаева.

Даярдаган: Нурзада Бекенова
Мыкты макала сынагы үчүн