Таласта кино кербени өтүүдө

109

Талас шаарында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына тартылган тасмалар көрсөтүлдү. Бул иш-чара 2-3-4-май күндөрү Талас шаарында көрсөтүлгөн. 

Бул тууралуу Улан Бектеналиев билдирди:

«Быйыл Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата кино жана өспүрүм долбоорунун негизинде Ч.Айтматовдун чыгармаларында тартылган жаш өспүрүмдөрдүн  Жамийладагы Сейиттин, Ак-Кемедеги Нургазынын, Бетме-беттеги Ысмайылдын ролун жараткан каармандарды биз студенттер менен окуучуларга жакындан тааныштырууну максаты кылып көргөздүк. Таанышкандан мурда биз Ч.Айтматов атабыз жөнүндө жана анын чыгармалары жөнүндө 30 минуталык чыгармаларынан үзүндү жана алар менен бетме-бет тасмасын көрсөтүп тааныштырдык».

             Даярдаган: Толгонай Тимурова