Билге студенттик уюму Миң-Булакта билим таймашын уюштурду

Миң- Булак айылында 4-май күнү райондук деңгээлде Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун студенттери даярдап келген «Билге» билим таймашы болуп өттү. 

Бул таймаш Билге студенттик клубу тарабынан уюштурулган жана суроолору тарых сабагынан болуп ,2 бөлүктүн негизинде жүрдү.

Билге билим таймашында 1-орунду Орто-Нура айылы Бейшенаалы Бекжанов орто мектеби, 2-орунду Куланак айылы Абдылда Аралбаев орто мектеби, ал эми 3-орунду Кара-Чий айылынын Мамыткан Иманалиев орто мектеби ээледи.

Таймаштын жүрүшү боюнча 1-орунду ээлеген топтун мүчөсу мындай дейт:

«Бул таймашты биз эки күн мурун эле укканбыз жана утабыз деген оюубузда деле жок болчу күнү-түнү дебей даярданганбыз ошо акыбетибиз кайтты. Азыр кубанычыбыз койнубузга батпай турган учур дейт-«, Кубанычбеков Сыймык, Бейшенаалы Бекжанов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу.

Ошондой эле «Билге» билим таймашында атайын Арабаев университетинин окуучулары жана Миң-Булак айылынын окуучулары тарабынан даярдалган чакан концертин дагы тартуулашты. Ал концертти ар бир суроолор берилип жаткан сайын таймашка катышкандардын мээсин сергитүү, эс алдыруу максатында болгонуна күбө болдук.

Күйөрмандардын айтымында, аталган таймаш тактыкта, таза өткөнүн баса белгилешти.

Албетте бардык иш чараны бир адам жетектейт эмеспи, ошол сыяктуу эле, бул таймаштын да уюштуруучуларынын бири менен дагы маек курдук:

«Биз жети дубанды кыдырып жүрөбүз жана жакында эле Ош, Жалал-Абад облустарын кыдырдык. 2008-жылы Билге студенттердин уюму түзүлгөн, ал уюмда студенттер өздөрү иш алып барышат».

Бул сынакта 1-2-3-орунду ээлеген командаларды күзүндө боло турган республикалык «Билге» билим таймашына чакыра кетти .

«Бизди университет эле каржылайт жана бардык чыгымдарыбызды университет көтөрөт, азыркы учурда бардыгы жакшы болуп атат,»-деди Арабаев атындагы университеттин тарых факультетинин мугалими.

Ал эми аталган КМУнун 3-курсунун студентинин маегинде:

«Мен Асанбек уулу Жеңишбек «Билге» уюмунун мүчөсү болом, биз студенттер окуу менен гана чектелбешибиз керек жана мындай коомдук иштерге катышып турсак дагы жакшы нерсе».

Бул уюмда баарыбыз тарых факультетинин студенттерибиз жана азыркы учурда көп жерлерге барып атабыз, баары жакшы болуп атат. Эми Ысык-Көл облусу калды.»

Миң-Булак айылынын тургундары кубанычтарын койундарына батыра албай турган кездери. Алар да жакшы ой- тилектери менен бөлүшүп, Билге студенттер уюумуна ийгиликтерди каалашты.

Баары бүткөн соң адаттагыдайле сыйлыктарды тапшыруу аземи болду.

Даярдаган: Ырысбай Адамалиев

сынак үчүн