Сумбулада мугалимдер өз ара тегерек стол өткөрдү

Лейлек районунун Сумбула айыл аймагындагы Манас атындагы орто мектебинде «Жаш мугалимдер- үмүтүбүз» деген темада аймактык тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек стол 2-май күнү жогорку деңгээлде өтүп, окуучулардан концерттик программалар дагы тартууланды.Тегерек столдо насаатчы мугалимдер менен жаш мугалимдердин ортосунда жүргүзгөн иштери талкууланды.Бул тууралуу Манас атындагы орто мектебинин 32 жылдык эмгеги бар мугалими Динара Төлөнбаева төмөнкүлөргө токтолду:

«Тегерек столдо жаш мугалимдерге жардам берүү кадамдары, педагогикалык имидж жөнүндө талкуу болду. Максаты, жаш мугалимдерди колдоо, ар тараптуу методдорду көрсөтүү».

Андарак-1 орто мектебинин жаш мугалими Файзали Мамасалиев дагы өтүлгөн тегерек столдо өзүнө кандай таасир ала алгандыгы тууралуу айтып берди:

«Мындан мурда Гапыр Мадаминовдун дагы ушундай тегерек столдоруна катышып жүргөнбүз. Бүгүнкү тегерек столдо насаатчы мугалимдердин кеп-кеңешин угуп, педагогдун түйшүктүү иштеринин сырлары менен ой бөлүштүк»,-деп жыйынтыктады.Даярдаган: Данияр Исакбаев
Мыкты макала сынагы үчүн