Нарындык спортчулар республикалык турнирге даярданууда

Ушул жылдын 19-апрелинен баштап, Куланак айылынын №86 Женишбек Арыпбеков атындагы кесиптик лицейине Нарын облусунун айылдарынан грек-рим күрөшүнө катышкан окуучу балдар келишкен. Алар машыктыруучулар менен биргеликте чоң турнирге даярданып жатышат. 

Куланак айылынын номер 86-кесиптик лицейине келген грек-рим күрөшүнө катышкан окуучу балдар жөнүндө маалымат топтоо үчүн жерине барып тааныштык. Лицейге барган учурда балдар машыгып жаткан кези экен.

Машыктыруучу Мусалиев Назарбек агай бул тууралуу төмөндөгүлөрдү айтты:

«Мен Куланак айылындагы греко-рим күрөшү боюнча машыктыруучу болуп эмгектенем. Бул жакта Нарын облусунун окуучулар арасындагы спартакиадага жолдомо утуп алган балдар келишкен. Алардын жалпы саны 38 окуучу. Бирок азыр тандалып отуруп эң мыкты делген 10 окуучу калды. Окуучулар №86 кесиптик лицейдин жатаканасында жашап, Аралбаев мектебинде өз окууларын үзгүлтүккө учуратпай окуп жатышат. Калган 10 окуучу эми Республикалык турнирге даярданып жаткан кези. Даярдыктар жакшы болуп жатат. Буюрса утушка ээ болобуз деген үмүттөрүбүз зор,»- дейт машыктыруучу.

Куланак айылынан чыккан, айылынын атын алыска тааныта турган окуучусу Бакыт Алмазбеков өз оюу менен бөлүшө кетти:

 «Мен бул спорттун түрү менен 3-классыман бери катышып келем. Азыр 8-класста окуйм. Ушул беш жылда мен көптөгөн жетишкендиктерге жетиштим, көптөгөн жерлерди корүп келдим. Баарыңыздарга спорт менен машыгыңыздар демекчимин!»- деген тилектери менен бөлүштү.

Дагы кененирээк маалымат топтоо үчүн КР нын эмгек сиңирген машыктыруучусуна бардык:

«Мен Бошубеков Карыбек Нарын районунун уландар спорт мектебинин машыктыруучусумун. Бул балдарды Куланак айылынын кесиптик лицейине алып келгенибиздин себеби, биздин райондук команда спартакиадада облустук турда утуп алды. Анан республикалык мелдешке даярдануу үчүн чогулдук. Бул жакта баардык шарттар бар экен. Жатаканадан орун беришти, тамак болсо күнүнө 4 маал, машыгуучу жай дагы бар экен. Буюрса, жеңишке жетебиз деген ойдомун,»- деп өз оюу менен бөлүшүп өттү.

Даярдаган: Эсенгулова Жаркынай, Ырысбай Адамалиев

Сынак үчүн