Өзгөчө кырдаалдардан сактануу боюнча биргелешкен окуу өтүүдө

343

Сүлүктүдөгү Искак Раззаков атындагы №7-орто мектепте «Кырсыкта адам өмүрүн сактоо»- боюнча биргелешкен даярдык өтүүдө. 

Сүлүктү шаардык мэриясынын Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн начальниги Улан Мурзамуратов: «Шарттуу өрт алдын- ала тандалып алынган үч кабаттуу мектепте болуп, Өзгөчө кырдаалдар боюнча шаардык Ички иштер бөлүмүнүн, Өзгөчө кырдаалдар боюнча №1-взводдун, тез жардам кызматынын жана Өрт өчүрүү кызматынын биргелешип иштөө даярдыгы текшерилди.  101, 102 жана 103 кызматтары биргелешип иштөөдө мыкты даярдык бар экенин тастыктады. Даярдыкка Сүлүктү ИИБ начальниги полковник Матисаков, оорукананын башкы врачынын орун басары Самадов, Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исмановдор жеке өздөрү катышып, үлгү боло алышты.   Андан сыркары, аталган мектептин мугалимдери турмуш тиричилик коопсуздук негиздери сабагынан ачык сабактарды өткөрүп берди.  1-б классынын класс жетекчиси Бүүшай Аширова эң үлгүлүү сабак өттү. Сабакка Сүлүктү шаардык Өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссия мүчөлөрү да катышты дейт мектеп директору Сабурова.   

Кабарчы:      Бакытбек Сапаркулов