“Жаш толкун” конкурс фестивалында “Кыялкеч” гранприни алды

50

Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектебинин “Кыялкеч” бий ансамбли Казахстандагы “Жаш толкун” конкурс  фестивалына катышып, гранпри жана биричи оорунду ээледи.     

Гүлзат Жакыбалиеванын айтуусунда, ал Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектебинин “Кыялкеч” бий ансамблин он беш жылдан бери жетектеп келет. Азыр “Кыялкеч” бий ансамблинде эки жүздөн ашык окуучу билим алып жаткан учуру. Ал эми жакында эле Казакстан Республикасынын Тараз шаарында  болуп өткөн конкурс фестивалына катышып келишкен. Бул конкурска толук бир жарым миңден ашык катышуучу катышкан. Алардын ичинен Кыргызстандан Өзбекстандан, Тажикстандан, Кытайдан жана Казакстандын баардык жагынан келген катышуучулар болду.

“Алардын ичинен биздин “Кыялкеч” бий ансамблинен эки топ барган, кичи топ жана жогорку топ. Конкурстун шартында болсо эки бий болушу керек болчу. Биринчиден сөзсүз түрдө казак бийи жана кыргыз бийи. Жыйынтыгы, биздин кичи тобубуз гранприни, ал эми жогорку топ биринчи оорунду ээдели. Абдан көп катышуучу болду, бий коллективинен эле жыйырма эки коллектив болду жана жыйырма эки коллективдин ичинен биз гранприни жана биринчи оорунду алып келдик”,- деп билдирди Гүлзат Жакыбалиева.

Кыял Жакыбалиеванын айтымы боюнча,алар бул конкурска аз убакытта даярданышкан. Аларга конкурстун шарттары бир ай мурун келген. Андан тышкары казак бийи алардын репертуара жок болчу. Ушул бир айдын ичинде казак бийин коюп, формаларды тиктирип, аз убакыттын ичинде даярданып кетишкен.

“Ал эми ушул Казахстанда болуп өткөн конкурс “Жаш толкун” фестивалы болчу. “Жаш толкун” фестивалынын максаты казак эли менен башка дүйнө элдеринин бири-биринин маданияты менен таанышуу жана алмаштыруу болгон”,- деп айтты Кыял Жакыбалиева.

“Кыялкеч” бий ансамблинин окуучусу Айданек Рустам кызынын айтуусу боюнча, биз жакында эле Тараз шаарындагы “Жаш толкун” конкурс фестивалына катышып келдик.

“ Бизге бул конкурс абдан жакты. Себеби, биз чоң ийгиликтерге жетиштик жана алдынкы оорундарды алып келдик.биз учүн бул аябай чоң кубаныч болду”,- дейт Айданек Рустам кызы.

          Даярдаган: Арууке Ударникова, Бегимай Темирбекова