Жаӊы окуу жылына карата мектеп президенти шайланды

Эшманбет Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 2018-2019 окуу жылына карата мектептин президенти шайланды.

Жалпысынан президентикке 8 талапкер болуп атаандаштык күчтүү болду. Мектепке жалпы шайлоочулардын саны 600 окуучу. Бул тууралуу «Келечек» өзүн-өзү башкаруу өкмөтүн төрагасы Автандил Төлөнов төмөндөгүлөрдү айтып берди:

«Келечек өзүн-өзү башкаруу өкмөтүнүн токтому менен 8 талапкер бекитилди. Алар Жаныбеков Кенже, Ишенбиев Бакыт, Кубатбеков Актан, Жылдызбек уулу Нуршат, Жумаев Марлен, Мураткул уулу Бакыт, Кубанычбеков Бек, Абдыкадыров Гүлжигит. Алдын ала жыйынтык боюнча, 162 добуш менен Жаныбеков Кенже шайланды. Биздин байкообуз боюнча адилеттүү болуп, тартип бузуу болгон жок».

 

Президентти шайлоо мугалимдерди да кайдыгер калтырган жок, себеби активдүү иштеген президент мугалимдерге да жардамы тийет. Эшманбет Кендирбаев мектебинин мугалими Жыргал Алыбаева төмөнкүлөрдү билдирди:

«Жыл сайын болуп өтчү президенттик шайлоо быйыл дагы талапка ылайык аткарылды деп эсептейм. Мектептин шайлоо комиссиясы аябай жакшы катышты, жыйынтыктуу, бардык иштер өз убагында аткарылды, талаптагыдай өттү».

Э.Кендирбаев мектебинин окуучусу Нуржан Асекова төмөндөгүлөрдү билдирди:

«Менин оюмча шайлоо абдан жакшы өттү. Абдан күчүү талапкерлер коюптур ошолордун иш- аракеттерин байкап татыктуусу өтүп кетти деп ойлойм. Эми аны эл чечет, өзү эл балайт менин оюмча татыктуу болду окшойт».

Жаӊы шайланган президент Кенжебек Жаныбеков шайлоо таза өткөнүн баса белгиледи:

«Атаандаштарым абдан күчтүү болду. Алардын арасынан 4 окуучу атаандашып жатып шайлоо болду. Шайлоо таза болду, анткени жакын адамдарыбыз шайлоочулардын жанында болду. Эч кандай коррупция болгон жок. Шайлоо боло электе өз каражатыма краска, акиташ алып терезенин кырларын актап, сырдап жана таштанды салуучу урналарды төрт жерге орноттум. Шайлоодон өткөндөн кийин менин убадам бар болчу. Жакшы окуган окуучуларды Каракол шаарына экскурсияга тарых музейлерине алып барып, мектептин окуучуларынын форма кийишин, тартибин карайм.»                                                                                                                                                              Белгилей кетсек, жаӊы шайланган президент Кенжебек Жаныбеков 2018- жылдын сентябрь айынан баштап иштей баштайт.

Даярдаган: Назик Казиева