Ыктыярчы- кабарчы Айдай Кытайга барып окуп келди

Барскоон айылындагы «Барскоон FM»  жаматтык мультимедиа борборунун кабарчысы Айдай Кудайбергенова Кытай мамлекетине барып окуп келди. Учурда Айдай 11- классын бүтүрүү алдында турат.  

Ыктыярчы менен маекти сиздерге сунуштайбыз:

— Кытай тилине кызыгуу кантип пайда болду?

Мен 5-классымдан баштап кытай, корея музыкасына кызыкчумун. Чынын айтсам, орусча кыргызча кызыкчы эмесмин, мен такыр мага белгисиз нерселерди изилдеп чыгып, эмне жөнүндө ырдап жатты экенин карай берчүмүн.

-Кытайга барууга эмне себеп болду?

-Мен Кыргызстанда калгым келген жок деп деле айтпайм, башка жерлерди көргүм келди. Тилине  кытайлардын корейлердин маданиятына кызыкканымдан улам ал жакка окууну аябай самачумун. Анан тесттен өтүп, ошол жакка кетүүнү чечтим.

— Ал жакта канча убак журдунуз?

— 2017- жылдын октябрь айларынан баштап 2018- жылдын 10- апрелине чейин жүрдүм. 8 ай толугу менен болгон жок, экзамендеримди тапшырып окумду бүтүп коюп келдим.

— Ал жактан кайсы окуу жайда окудунуз?

— Мен кобунчо эле Зубо шаарында болдум. Зубо шаарынын Зубо профессионал институтунда окудум. Андан тышкары бизди көп Циньян, Сиянь шаарларындагы университетерине барып турдук, ал жактан мугалимдер менен таанышып көп нерсени үйрөтүштү.

— Кайсы тараптан жардам алдыныз?

— Мага жардамды эң биринчи апам берди, ал мени колдоп, менин кыялданганымды көрүп, анан жиберди. Андан тышкары туугандарым да болду жардам берген, мени тааныган адамдар мен үчүн сүйүнүшүп барып кел деп жатышты. Мындан «Тойбосс» компаниясынын директору бир миң доллар берди аны мен окуумдун жатаканасына төлөп, ошого кенен окуп келдим.

— Ал жактан окуу жайга акча төлөдүңүзбү?

Окуу жайым бекер болду, мени кытай тилине жана башка курстарга барчумун. Анын баары бекер болду, бирок, жатаканамды төлөдүм. Анткени муну мен барган программа каржылабайт экен. Анан айына 4 000 же болбосо 5 000 сом коротуп жаттым тамак ашыма.

— Каякта жашап жаттыңыз?

— Мен Зибо шаарында жашадым. Зибо шаарында мен окуган институт мага жатакана берди, ал жерде кыргыз кыз менен жашачумун.

— Дагы кайсы чет тилдерди үйрөндүңүз?

— Мен Кытайга келгенде англис тили аркылуу кытай тилин үйрөндүк ошон үчүн англис тилин дагы жакшырды десем болот. Кытай тилин эртең менен 7 ден баштап 1ге дейре окуп андан кийин журналистика жана корей тилдерине барчумун, ошондуктан корей тилин азыр өнүгүү статиясында болсо да кичине сүйлөшө алам.

— Кытайда билим берүү системасы кандай экен?

Кытайдын билим берүү системасы биздикине салыштырмалуу бир далай алардыкы жакшы эми. Мен барганда такыр түшүнө албай аттым, кытай тили аябай оор болуп атты, сүйлөшө албай барып англисче сурасам англисче билбеген кытайлар юолуп, мен аябай кыйналып аттым. Ошол убакта эжейлериме айтып түштөн кийин дагы мага кошумча мен жашаган бөлмөмө чейин келип окутуп жатышты. Жада калса, түштөн кийин түнгө дейре инситутумда калып ошол жерде окуган убакыттарым да болду. Билим берүү системасы ал жерде бардыгын түзүп берет жада калса кийим кун-фу андан тышкары, түштөн кийин болгон 500дөн ашык курстар баары бекер болчу. Ошонун баарына барып мага билим берүү системасы мага аябай жакты.

— Келечектеги пландарыңыз кандай?

— Мен эми кытай тилинин 4үнчү гана деңгээлине жеттим. Бул эркин сүйлөшүүгө жана азыркы берип жаткан жаңылыктарды кытай тилиндеги окууга мүмкүндүк берет. Мен болсо мындан ары дагы кытай тилин жана башка тилдерди өнүктүргөнгө аракет кылам. Анан эми бул жерден мен азыр экзамендеримди тапшырганы келдим. Бул жерде 11-класты Экстринат деген программа аркылуу окудум мен Кытайдан. Мен Кытайдан кытай тилин гана окубастан, бул жерден 11- класстын дагы программасын дагы окуп жаттым, интернет аркылуу тесттерди берип, китептеримди электрондук версияларын мага көчүрүп беришкен. Ал жактан баарын окуп даярданып келгем. Эми болсо, 1 жылдан кийин бардык экзамендерим чечилип, баарын тапшырып бүткөндөн кийин анан Кытайга кетүүнү эңсеп жатам. Эгер мүнкүндүк болсо башка мамлекеттерге барууну да каалайм.

Даярдаган: Назик Казиева