Ооруканадагы көйгөйлөрдү кантип чечсе болот?

Айылыбыздагы ооруканада көптөгөн көйгөйлөр, маселелер, муктаждыктар бар. Бул көйгөйлөрдү ким чечет жана кимдер тарабынан көзөмөлдөнгөн.
Айылыбыздын элин медициналык жактан кароо үчүн оорукана бар. Ар бирибиз эле ал жакка барып дарыланып жүрөбүз. Бирок андагы көйгөйлөргө көп көңүл деле бурбайбыз. Дал ушул ден- соолук сакчысы болгон ак халатчан кызматкерлерибиз эмгектенген жерде көптөгөн чечиле элек маселелер бар.
Биз ооруканага барган убагыбызда дарыгерлер өз иштерин аткарып жатышкан экен. Бөлүм башчысы Асанова Сайрабубу эжени кепке тартканыбызда, суроолорубузга төмөндөгүдөй жооп берди:
» «Бөлүмдө 1 врач 5 медайым жана 1 кенже кызматкер эмгектенет.
Куланак айылынын элин медициналык жактан тейлөө боюнча иш алып барабыз. Үй бүлөлүк дарыгерлер тобуна 3 айыл Куланак , Учкун, Жыланарык айылдары кирет. Жалпы элдин саны 6000 ден ашык. Анын ичинен биз Куланак айылында иш алып барабыз.
Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун жалпы реформасына киргенден бери элдин ден соолугун кароодо көйгөйлөр жок эмес. Алардын эн башкысы имараттын эскилиги. Имарат 1968 — жылы курулган. Жыл сайын косметикалык ремонттон өтүп турат. Бул оңдоп- түзөө иштерине мамлекет тарабынан эч кандай каражат бөлүнбөйт. Өз жамаатыбыздын капчыгынан каражат сарптайбыз.
Ал эми ооруканабызда медициналык жабдуулар толугу менен бар деп айта албайм. Себеби бизде болгону «электро-кардио- грамма» эле бар. Андан сырткары лаборатория бар. Бирок лабораторияда да терен биохимиялык изилдөө жүргүзүү мүмкүн эмес. Бизде болгону клиникалык текшерүү гана жүргүзүлөт.
Кышкысын дагы жакшы жылыбайт»- дейт дарыгер өз сөзүндө.

Чындыгында эле имараттын эскилиги жеткени билинип турду. Ага карабастан элге кызмат кылып келе жатышат. Ооруканабызда түшкү жатып дарылануу бөлүмү да бар
Жабдыктардын эскилиги жеткенине да күбө болдук.
Мындай талапка жооп берээрлик эмес жерде өз иштерин так аткарып элге кызмат кылып келе жаткан ак халатчан дарыгерлерибиздин иштерине ийгилик каалап, көйгөлөр чечилет деген терең ойдобуз.

Даярдагандар: Альбина Болот кызы, Жамал Уланбек кызы,Ырысбай Адамалиев
сынак учун