Мектеп окуучулары аскерге чейинки даярдык боюнча сынакка барышты

Ысык-Кѳл облусуна караштуу Барскоон айылынын Эшмамбет Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин окуучулары аскерге чейинки даярдык бойунча райондук сынака барып келишти

Бул сынак Саруу айылында ѳткѳрүлүп Барскоон Шумкар кошууну 2-орунга ээ болушту. Кошунда 10 бала бар, алардын 8 баласы сынакка катышты. Бул тууралуу Шумкар кошуунунун командири Ислам Чынгышов айтып кетти:

«Бул кошун 10-класста биздики азыркы 11-класстар баштаган. Буюрса жетишкендиктерибиз жакшы азыркы тапта. Облустук турнирде да биринчиликти багындырып келгенбиз былтыр. Быйыл тилекке каршы составыбыз өзгөрүп кеткендигине байланыштуу 2-оорунга ээ болдук, бул да жетишкендик. Бизден зборный кылып Жети-Өгүз командасына алып кетет экен. 7 баланы тандап, областтык турнирге катышканга жолдомо алышты. Кошунда негизизи 10дон ашык бала бар катышканы 8 бала болду. Командирлик кылып өзүм жетектеп келдим. Ал жерде патриотический ырлар болот, турнике тартынуу, чуркоо боюнча , строевой баскан боюнча дагы бардык. Бардыгын эсептегенде 2-оорунга ээ илиндик. Жаштарды патриоттулука үгүттөө, Ата мекенин, намысын коргоо болду. Бизде да ушул ой тилек. Бул кошунга АЧД сабагы киргенде эле агай шыктуу балдарды өзү тандаган, даярданганбыз. Буга көп эле убактыбыз кетти. Атаандаштар жогорку деӊгээлде даярданышыптыр бардыгы күчтүү болду. Аралыгыбыз мисалы, биринчи орунду алса Тамга айылы, биз экинчи орунду алсак аралыгыбыз бир эле упайдан болуп атты. Үчүнчү орунду алган Чылабаев мектеби бизден бир эле упай артта калды».

Кошуундун командиринин айтымында, кийинки жылы кошуунду башка активдүү окуучулар башкарат, себеби, Ислам Чыңгышов мектепти бүтүрѳт.

Даярдагандар: Элдияров Нурболот, Ислан уулу Акылбек