Үгүт кербени-Сумбулада

Лейлек районунун 90 жылдыгына карата «Даңазалуу Лейлегим» аттуу темадагы үгүт кербени 27-апрелде Сумбула айыл өкмөтүндө болду. Анда 4 айылдын мектеп окуучулары өз айылынын тарыхы тууралуу доклат окуп, сахналаштырылган оюн көрсөттү.

Үгүт кербенди райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы Мажит Жороев жетектеп келди.Андан сырткары райондук маданият үйүнүн, ар бир айыл өкмөттөрдүн маданият үйлөрүнүн директорлору катышты.Бул тууралуу маалыматты Сумбула айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Абдураим Жороев төмөнкүчө билдирди:«Бүгүнкү иш чарага ар бир мектеп жогорку деңгээлде даярданып келиптир. Бизди жаш өспүрүмдөрдүн өз айылынын тарыхына кызыгып, көп маалыматтарды жыйнап келгени, сахналык көрүнүштөрдү ийине жеткире аткаргандыгы кубандырды».

Райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы Мажит Жороев өз сөзундө:«Биз катышкан иш чаралардын эң мыктысы бүгүнкү иш чара болду»,-деп белгиледи.

Даярдаган: Данияр Исакбаев
Мыкты макала сынагы үчүн