7-апрель Элдик Революциясынын баатырлары көчөт отургузушту

30-апрель күнү Элдик Революциянын баатырларынын демилгеси менен Барскоон айыл аймагынын  Таза суу «Тарылга-Булак» коомдук бирикмесинин участогуна 53 түп балаты отургузулду.

Коомдук бирикменин имаратынын айланасы таза болгону менен чон карагайлар 50м алыстыкта жайгашкан. Бул иш чаранын демилгечиси болгон 7-апрель Элдик Революсиянын баатырларынын бири Арсар Бектурова төмөнкүлөрдү айтты:

«Эми бул балаты тигүү деген 7-апрель күнү биздин айыл өкмөт Рысбек Садабаев ошол 7-апрелде каза болбоду беле ошонун эстелигин тургузган. Ошол эстеликке гүл койдук, венок койдук чыгып ошол жерде айыл өкмөтүнүн сунушу болуп калды да. Ушундай баатырлар силер деле бир жерге көчөт тигип баатырлардын атынан деп. Анын сөзүн эки кылган жокпуз кеӊешип кептешип 50 түп ёлка 1 метр 80 см. Ошону Таарылгадан барып 7-апрель баатырларлары Барскоон айылынын, казып келип водакачкага тигип бердик. Эми балатыны болсо тоже 7-апрель Элдик Революциясынын баатыры Айылчы Исакунов өзү чыгарды, өзүнүн атынан».

 

Балатылар Барскоондогу токой чарбачылыгындагы питомниктен алынды. Жаратылышты калыбына келтирүү үчүн токой чарбачылыгы дайыма ыктыярчыларды колдоп келет, ошол себептен улам бул жолу дагы балатылар үчүн каражат алынган жок. Айылдын өнүгүшүнө дайыма салымын кошуп келген Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү Руслан Эшмамбетов бул демилгени толугу менен колдоорун айтты:

«Барскоон айыл аймагында 11 баатырыбыз бар өзүӊөр билгендей. Бир баатырыбыз каза болгон Саадабаев Рысбек калгандары экөө жаракат алып тогуз баатырыбызга сунуш киргиздим эле. 7-апрелде мероприятия кылып туруп бак тиксеӊер болот эле десем менин сунушумду баатырлар туура кабыл алып 51 бак көчөттөрүн таап кайда отургузабыз дегенде биздин элдин башы суу дейт. Бизде водазабор бар ошол жерге көрктөндүрүү андыктан суубуздун башы болуп аткандан кийин 7-апрель баатырларыбыз да бийикте жүрүшсө экен деген тилек менен ошол жерге биз көрктөндүрүү иштерин жүргүзүп Таарылга –Булак водазаборуна тигүүгө чечим кабыл алдык. Ошол жерге 29-апрелде баары барып Таарылгадан көчөттөрдү казып келишип ынтымактын негизинде 51 түп карагай, ак кайыӊдын көчөттөрүн тигишти. Жакшы иш чара болду мен да өзүм катышып келдим. Баатырларга биз рахмат айтабыз ушунун баарын уюуштуруп тал тиккендери жакшы нерсе».

Белгилей кетсек, Барскоон айылында баардыгы 7-апрель Элдик Револючиянын 11 баатыры бар. Алардын бири оор жаракат алып дүйнөдөн кайткан. Эки баатырыбыз дагы оор жаракаттардын айынан иш чарага катыша алышкан жок. Бул иш чарага 7 демилгечи өз салымдарын кошту.

Даярдаган: Айдай Кудайбергенова