Менталдык арифметика боюнча окуучулар Египетке барып келишти

Барскоон айылындагы менталдык арифметика курсуна катышкан окуучулар Египетке барып келишти. Менталдык арифметика курсу Барскоондо «Академия роста» окутуу борбору тарабынан ачылган. Ачылганына аз убакыт болгонуна карабастан, окуучулар ийгилик жаратууда.  

Менталдык арифметика курсу жума жана жекшемби күндөрү окутулат. Бул тууралуу курстун негиздөөчүсү Нуржамал Эралиева мындай деди: 

«Менталдык арифметика боюнча проект жарыяланыптыр, ага заявка жазып өтүптүрмүн, анан ачып баштадым. Ачканыма 3 ай болду, эки филиал ачылды. Кызыл-Суу жана Барскоондо ачылды, аларда үч жүздөй бала бар. Окуучулардын ийгиликтери тууралуу айтсам, январда ачылып жыйырма күндөн кийин, Египетке «Академия роста» олимпиадасына катышып келдик. Төрт бала алып барганбыз экөө күмүш, экөө коло алып келишти. Ал жерде отуз мүнөттүн ичинде эки жүз эсеп чыгарышты,  андан кийин Ошко жыйырма бала алып барып, экөө кубок алышты, эки кыз күмүш алды жана он жети окуучу диплом алышты».

  

Бексултан Темирбеков 6- класстын окуучусу. Ал менталдык арифметика курсуна 3 айдан бери барат. Кыска убакыттын ичинде ийгиликтерди багындырууга жетишип, Египетке барып келди. Бексултан жетишкендиктери тууралуу буларга токтолду:

«Менталдык арифметикага биринчиден жакшы окуш үчүн, эки жакка чыгыш үчүн катыштым. Марттын башында Египетке барып келдим. Ал жерден Каирский музейге бардык, көп экспонаттарды, пирамидаларды, сфинксти көрүп, тарыхы менен тааныштык. Олимпиададан үчүнчү орунга ээ болдум, буюрса, биринчи орунга аракет кылам. Алдыда Чолпон-Атада, Дубайда олимпиадалар болот, ал жерлерден  дагы ийгиликтерге жетишкенге аракет кылабыз.»

Нуржамал Эралиеванын айтымында , Ошко барганда, Дубайга бир жумага жолдомо утуп алышкан жана Сафари деген турга бекер 30 бала эс алат. Июнь айында Сингапурга бир бала Барскоондон барганы жатат, андан кийин Малайзияга, күзүндө Тайландка барышат.

Даярдаган: Азирет Эрнисбеков