Эки айылдын жайыттарын байланыштырган көпүрө салынды

Токтогул районундагы Чоң-Арык айылынын Уста-Сай суусуна, Чолпон-Ата жана Чоң-Арык айылдарынын жайыттарын байланыштырган көпүрө салынды. Көпүрөнүн салынышы малчылардын жана окуучулардын түйшүгүн азайтты.

Айылдык кеңештин депутаты Өмүр Турсунбаев көпүрө элдин суроо талабы боюнча салынгандыгын айтат:

«Бул көпүрө айылдын четки көчөлөрүнүн бири Ташболот көчөсүнун тургундарынын суроосу боюнча салынды. Ташболот көчөсүндө 40 тан ашык түтүн бар. Ошол 40 түтүндүн койлору, уйлары ушул көпүрөдөн өтүп жайытка чыгат. Андан сырткары, суунун аркы четинде 7-8 түтүн эл бар. Алардын мектепте окуган балдары ушул көпүрөдөн өтүп мектепке келип турушат. Мурда суу көбөйгөндө, жазында суу киргенде өтө алышчу эмес, эки эле жыгач бар болчу ал жыгачтан кулап кеткен учурлар болгон. Кошуналардын көптөгөн малдары суудан агып элге зыяны көп болчу. Негизинен бул жерден Ташболот көчөсүнүн малы гана эмес, Чоң-Арык айылынын жарымынан көбүнүн малы өтөт. Жалпысынан көпүрөнүн салынып бүтүшүнө 60 миң сомдун тегерегиндеги каражат кетти. Анын ичинде элдик салым, өкмөттүн салымы да бар.»

Ташболот көчөсүнүн тургуну Токтомамбет Султанкулов көпүрө туурасында төмөнкүлөргө токтолду:

«Кудай буйруса көпүрөнүн салынышы элге абдан чоң пайда алып келет деген ойдобуз. Элдин жакшы турмушун ойлоп Чоң-Арык айылынын депутаты Өмүр Турсунбаев көпүрөнү салуу демилгесин уюштурду. Биз айыл тургундары катары аны колдоп, колубуздан келген жардамыбызды аяган жокпуз. Көпүрө күз айларында салынып баштаган, эми мына минтип жазга жуук бүтүп да калды. Абдан кубанычта болуп жатабыз.»

Даярдаган: Бурулсун Уланбек кызы

Мыкты макала сынагы учун