Айылда салынып бүткөн мектептин эшик ачпагандыгы элди түйшүккө салууда

Токтогул районундагы  Чоң-Арык айылына караштуу Кырк-Казык участкасында мектептин курулушу алты жылды артка калтырды. Мектептин бүтүп, ишке киришин күткөн окуучулар учурда аралыгы 9 км болгон Чоң-Арык айылындагы мектепке барып билим алышат. 

Айылдын тургуну Камчыбек Насипбековдун айтымында окуучулардын тарткан кыйынчылыктары алардын алыс жолдо барып келип окугандыгы:

«Айылыбызда мектептин жоктугу биз үчүн абдан чоң кыйынчылыктарды алып келүүдө. Көбүнчө кышында кыйналабыз. Айылда чөө,түлкүлөр бар. Кышкысын балдарыбыз мектепке караңгыда барып келип окушат. Кээ бирлери жолдон чөө көргөндөрүн айтып келишет. Ата-энелер балдарыбызды ат менен окууга алып барып, алып келебиз. Мектебибиз салынып бүтүп калса бизге дагы, окуучуларга да жакшы болмок.”

Кырк-Казык айыл участкасынын айыл башчысы Урчеке Кенжебаев мектеп эмне үчүн ишке кирбегендигин айтты:

«Мен 2014- жалдан бери Кырк-Казык  айылында айыл башчы болуп иштейм. Айылда учурда 48 кожолук калк жашайт. Жер участогу 67 кожолукка пландалган. 2012-жылы Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү тарабынан атайын фонддун эсебинен мектептин долбоору даярдалып, курулуш иштери 2012-жылы жазында башталган. Башталгыч классттын окуучулары үчүн ылайыкталган мектеп. Учурда Мектептин ичи-сырты сырдалып, көпчүлүк иши бүтүп калган.Парта,отургуч доскалар келсе,мектептин айланасы коргондолуп, спорт аянтчасы курулса мектеп толугу менен бүтөт. Айыл жери малга жайлуу жакшы жер. Токтогул райондук борбодон 42 км, Чоң-Арык айылынан 9 км алыстыкта жайгашкан. Кышкысын кар абдан оор түшөт. Айылдан айылга каттап балдардын билим алуусу абдан кыйын.»

1-класстын окуучусу Эльзада Болсунбек кызы мектептин бүтүшүн абдан күтүүдө:

«Азыр биздин эң биринчи кыйналганыбыз алыска барып-келип окуу болуп жатат. Мектепке атам алып барып келет. Мектебибиз бүтүп калса, ата-энелерибизди кыйнабай өзүбүз-барып келип окуп калат элек.»

Даярдаган: Бурулсун Уланбек кызы

Мыкты макала сынагы үчүн