Шахмат боюнча райондук олимпиада болду

164

Тогуз-Торо районунун шахмат боюнча 13 мектептин арасында олимпиада өткөрүлгөн. Бул тууралу Феруза Жыргалбек кызы билдирди.

“Бул шахмат спорттук мектепте өтүлдү. Бул аябагандай кыйын болду. Таймаш эки турдан өттү. Биринчиси мен үчүн аябагандай кыйыныраак болду. Бирок, 2-турга да өттүм. Экинчи тур Макмал орто мектебинде өтүлдү. Бул мектепте чоң кыздар менен ойнодум. Тилекке каршы жеңишке жете албадым. Үч кыздан тең утулдум. Экинчи турда мага грамота, 300(үч жүз) сом акчалай сыйлык беришти. Мага бул өтүлгөн шахмат аябагандай жакты. Мындай таймаш дагы болушун каалайм,”-дейт окуучу.

Бул таймашта «Макмал» алтын- кен комбинатынын директору Каныбек Дыйкановдун демөөрчүлүгү менен уюштурулган.

Спорт мектебинде таймаштын бир нечеси болуп келе жатат. Бул таймаштан өткөндөр Бишкекке барып катышат. Шахмат айлампа түрүндө болот.

Даярдаган: Назгүл Шадыбекова