Ыктыярчы-кабарчылар депутат айым менен жолугушту

59

Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагындагы Сары-Булуң жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева менен Кыргыз Республикасындагы Жогорку Кеңештин имаратында жолугушту. 

Бул тууралуу Сары-Булуң мультимедианын кабарчысы Нуриза Рыскулова буларды билдирди. “Мен Аида Касымалиевага жолугушуу учурунда өзүмө көптөгөн жакшы кеңештерин ала алдым. Ошондой эле келечекте журналист болууну каалагандыктан, журналистика тууралуу дагы жакшы маалыматтарды берди”.

Ал эми Сары-Булуң жамааттык мультимедиа борборунун координатору Анара Мааметова буларга токтолду: “Кабарчыларыбыз журналистика багытына кызыккандыктан Аида Касымалиевага жолугуп, маектешип, жакшы кеңештерди алышты.”

Даярдаган: Азем Маратова