Бүтүрүүчүлөргө кесипти туура тандоо боюнча багыт берилди

239

Тогуз-Торо районунун Таштемир Сатыбалдиев атындагы орто мектебинин 9-10-11-классынын окуучулары үчүн кесип тандоодо туура багыт берүү максатында жолугушуу болду. Бул иш-чараны Ханнс Зайдель фондунун стипендианттары уюштурган.

Бул тууралуу фонддун стипендианты Анара Калмырза кызы билдирди: «Ханнс Зайдель фондунун Тогуз-Тородогу стипендианттары 2018-жылы «Ар бир кесип ардактуу» деген темадагы 9-10-11-класстарга жолугушуу уюштурдук.

Негизги максатыбыз окуучуларга кесипти туура тандоо үчүн, туура багыт берүү үчүн уюштурганбыз. Ар бир эле адам кесипти туура тандаса, алдыга максат койсо, анда ал адам сөзсүз түрдө өз максатына жетет,»-деп билдирди Анара Калмырза кызы.



Ханнс Зайдель фондунун кийинки иш-чарасы 2018-жылдын июнь айынан баштап уланат. 2018-жылы №7 Таштемир Сатыбалдиев орто мектебин жалпы 27 окуучу аяктайт.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова