“Арыбайт, турмуш сапары…”

57

Талас шаарындагы жетимиш жети жаштагы Эсен Исакованын экинчи жыйнагы бир гана Талас шаарына эле эмес, Кыргызстандагы бүткүл элдин көңүлүн алган “Арыбайт, турмуш сапары…” аттуу китеби жарыкка чыгууда.

«Арыбайт, турмуш сапары…» -аттуу китептин автору Эсен Исакова. Бул китеп Эсен Исакованын экинчи жыйнагы болуп саналат жана китептин өзөгүн адам баласынын турмушундагы өмүр жана өлүм, жакшылык менен жамандык, туруксуздук, ач көздүк жана мерездикке каршы турган адамкерчилик, кайрымдуулук, ыйман жана мээримдүүлүктүн тагдыр сынагындагы ээлеген орду, мааниси насыйкаттаган эскертмелери, ой толгоолору, туулган жерге, Ата-Журтка, сүйүктүү адамдарына багытталган ырлары түзөт. “Арыбайт,турмуш сапары…”-аттуу китептин авторунун айтымында:

«Мен Эсен Исакова, 1941-жылы туулгам. Көп жылдар бою автобекетте кассир болуп эмгектенгем. Чыгармачылыкка болгон кызыгуум мурда эле пайда болгон, бирок мен жазуучуларды башкача элестетип ичимдеги ырларды сыртка чыгарбай жүрө бердим, ошентип көп жылдар бою мен ыр жазбай үй тиричилиги менен алектенип, бир жыйырма жылдай жазбай калдым. Бирок баарыбир ичимден бир нерсе тынчсыздантып бул жашоого бир нерсе калтыргым келди, анан ошентип ырларымды ачыкка чыгардым.  Китеп жазып көрдүм, көрсө болот экен да, ал эми “Арыбайт,турмуш сапары…”-аттуу китебим экинчи жыйнагым, алдыда дагы бир китеп чыгарам деген ойлор бар. Бирок мен азыр кара сөзгө басым жасап жатам”,- деп кайрылды Эсен Исакова.

Эсен Исакованын “Арыбайт,турмуш сапары…”-аттуу китеби көп адамдардын жүрөгүнөн орун алган, алардын бири Тынышов Жапар кененирээк айтып берди.

“Мен Тынышов Жапар, биз бул жерге көчүп келгенибизге он жети жыл болду ошондон бери мен Эсен Исакаованы жакшы тааныйм, мен кошуна катары эже жөнүндө бир да жаман сөз айта албайм, себеби, мен таанып билгенимден бери Эсен эженин оозунан бир жаман сөз уккан жокмун, бир гана акыл-насаат айтчу, бул эже абдан назик, дили таза абдан жакшы инсан. Эми чыгармачылыгы жөнүндө айтып өтсөм, эженин ырлары мазмундуу, мааниси өтө терең, Эсен Исакова эженин ырлары жаштар үчүн да сабак катары жана тарбиялоочу ырлар болуп саналат, мындайча айтканда, бул ырлар “жаштарга мурас”- деп эсаптейм.”-деп кайрылды Тынышов Жапар.

Жогоруда айтылгандай, Эсен Исакова эженин экинчи жыйнагы тууралуу анын кызы Динара Исакова мындай дейт:

“Мен Динара Исакова, Эсен Исакованын кызы болом, кызы катары албетте, апамды жакшы апа деп айтам. Чыгармачылыгы жөнүндө айтсам, апамдын ырлары абдан маанилүү жана ырларынын көбү турмуштан алынган жана ошондой эле бизге арнап жазган ырлары да аз эмес. Апам өзү чыгармачылыктан тышкары, гүл өстурүүгө да абдан кызыгат десем жаңылышпайм.

Эскерте кетсек, Эсен Исакованын бүгүнкү күндө эки китеби жарык көрсө, алдыда дагы бир китеби чыкмакчы.

 Даярдаган: Айтурган Жаңыжылбек кызы.