Талас шаарынын эс алуу паркы жаңыланууда

273

Талас шаарынын борбордук паркын жарыктандыруу үчүн 1 000 000 сом өлчөмдөгү акча-каражаты которулган. Азыркы учурда теректер кайрадан отургузулуп, алдыда жарыктандыруулар жана ролик үчүн жол орнотулмакчы.

Борбордук парк кароого муктаж болуп турган кезде жарыктандыруу жана жашылдандыруу, көрктөндүрүү киргизилгени турат жана бул тууралу кененирээк маалыматты Талас шаарынын вице-мэри Дамирбек Сагынбекович айтып берди:

“Азыркы учурда паркты жаңылантуу үчүн 1 000 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Бүгүнкү күндө эски теректер кыйылып, жаңы көчөттөр отургузулуп, таштандылар үчүн урналар коюлууда. Дагы бир айта кетчү нерсе, Талас шаарынын борбордук паркына ролик тебүү үчүн жол да салынмакчы,”- деп өз оюн билдирип кетти.

Бул өзгөрүүлөр жашоочуларды, айрыкча кичине балдарды да кубандырды. Бул тууралуу кененирээк маалымытты Кундуз Чолпонкулова мындай дейт:

“Талас шаарына келе элегиме аз гана жыл болсо дагы биздин шаарыбыздын борбордук паркына жаң өзгөрүүлөр киргенин байкадым. Айта кетсем, мурунку учурларда таштанды таштоо үчүн урналар жок болчу жана эс алууга мүмкүнчүлүк да аз болчу десем жаңылышпайм. Ал эми азыркы учурда эс алганга ыңгайлуу болуп жана тазарып калыптыр,”-деп билдирип кетти.

Жайдын ысык аптабында кечки салкында өз балдарыбызды ойнотууга жакшы ыңгайлуу шарттар түзүлдү деген ойду да  ата-энелер да кошумчалап өттү.

“Мен Улсана Чыпыйевна  акыркы мезгилдерде парктын өзгөрүшү абдан жакты. Себеби, Талас шаарында балдарды ойнотуучу жерлер аз, ошондуктан биздин сейил парктын өзгөрүп жаңы курулуштар курулуп жаткандыгына өтө кубанычтамын,”- деген ойлорун кошумчалады.

Жогоруда айтып өткөндөй, Талас шаарынын борбордук паркынын өзгөрүшү ушу менен токтобой алдыда дагы чоң максаттар бар деген сөздөрүн Талас шаарынын вице-мэри кошумчалады.

 Даярдаган: Толгонай Тимурова