«Кош Алиппе» аземи белгиленүүдө

73

Сүлүктү шаары боюнча мектептерде биринчи  класстын окуучуларына арналган «Кош Алиппе» аземи өтүүдө. 27-апрелде Исхак  Раззаков атындагы №7- орто мектебинде дагы өзгөчө маанайда иш- чара болду. 

1-б классынын мугалими Бүүшай Ашированы кепке тарттык: «Мен үчүн бул майрам эмес, сабактын түрү. Ошондуктан окуучуларымды интерактивдүү усулдарды колдонуу менен, сабак катары даярдадым.  Жалпы классымда 29 окуучу, анын 15 кыздар, 14 уул балдар. Окуу техникасын бир минутада орточо 37 сөзгө жеткире алдым»,- деп толкундануу менен маек берди.  

Кабарчы: Айзада  Эркинова