Таласта «Теңир колдо» реабилитациялык борбору жаңыланып ачылды

52

Кызыл Ай коомунун демилгеси менен «Теңир колдо» реабилитациялык борборуна жаңы имарат салынып берилди. Демөөрчүлөр Кыргызстандагы Кызыл Ай, Кызыл Чырым коому жана ӨКМ, ошондой эле жергиликтүү тургундар дагы өз салымын кошушту.

«Теңир колдо» борборунун жетекчиси Аблумалик Акматовдун айтымы боюнча, борбор 2009- жылы ачылган. Ошол убактан бери бул борбордон жүздөн ашык бала социалдык реабилитация алып өткөн. Ал эми азыркы учурда он беш бала социалдык реабилитация алып жаткан учуру:

“Буга  чейин имараттын тардыгынан биз он беш баладан ашык ала албасак, ал эми азыр Кызыл Ай коомунун жардамы менен мындын ары дагы мүмкүнчүлүгү чектелген  балдарга социалдык реабилитация берүүгө даярбыз”,-деп кайрылды Абдумалик Акматов.

Кыргызстандагы Швейцариянын Кызыл Чырым коомунун өкүлү Элзат Мамуталиева, биз ушул борборду Кыргызстандагы Кызыл Ай коому менен биргелекте тургузуп ишке ашырдык, жана ошону менен бирге эле Швецариядагы кемпир өз пенсиясын чогултуп  жана андан тышкары Кызыл Чырым коому өнөктөш болуп каражат бөлүп берген.
“Кызыл Ай коомуна абдан чон рахмат билдиргим келет. Ушул Кызыл Ай коомунун демилгеси менен өзгөчө балдар үчүн тез арада имарат курулуп берилди. Андан тышкары, башка демөөрчүлөргө да ыраазычылыгымды билдиргим келет. Таласта гана эмес Кыргызстанда өзгөчө балдарыбызга ушундай реабилитациалык борборлорду ачсак абдан жакшы болмок”,- деп Элзат Мамуталиева өз оюн сунуштады.

Ушул борбордогу тарбия алып жаткан баланын апасы Мээркан Жоробекова, Кызыл Ай коомуна абдан чон рахмат билдирди: «Биз ушундай имаратка абдан муктаж элек. Мен Таластагы ушул долбоорду колдогон адамдарга ыраазымын. Эми мындан ары да ушундай адамдардын көп болушун каалайм. Эми  ушул балдар үчүн мугалимдер жетишпейт деп ойлойм. Себеби балдардан алынган төлөм мугалимдердин айлык маянасын төлөөгө жетишсиз. Биздин бирден-бир суранычыбыз ушул борборго айлык маянасы ченелүү болсо да мугалимдер келсе деп ойлойбуз. Андан тышкары дарыгер логопед болсо абдан жакшы болоор эле. Биздин мамлекет ушундай өзгөчө балдарга кам көрсө биз аябай ыраазы болот элек”,- деп өз оюн айтты Мээркан Жоробекова.

Даярдаган: Бегимай Темирбекова, Айтурган Жаныжылбек кызы, Арууке Ударникова