Сары-Булуң айылында Чигу шаарынын музейи ачылууда

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сары- Булуң айылында Чигу шаары боюнча музей ачылуу алдында турат. Музейде чөгүп кеткен шаардын калдыктары камтылган. Ал жерден буюмдардын калдыктары жана таштардын түрлөрү табылган. Азыркы учурда 2018-жылы май айында ачылуу алдында турат.

Мектеп директору Кубанычбек Жапековдун айтымында, тарых мугалими Иманалиев Кувандын эмгеги көп.

 

“Сары-Булуң айылы көлгө жакын жайгашкандыктан көлгө чөгүп кеткен байыркы Чигу шаарынын калдыктары табылган.Табылган буюмдар мектепке алынып келинген. Сырттан келген кишилердин кызыгуусун арттырган, ошол себептен музей ачылды. Башка жактан спонсорлор болуп жатат. Музей келечекте дагы кеңейип өркүндөйт деген тилектемин”

Тарых мугалими Куван Иманалиевдин айтымында, Ысык-Көлдөгү чөгүп кеткен Чигу шаары боюнча экспонаттардан 1999-жылы Чигу картасын түзулгөн дейт ал.

“Алгач өзүм көлгө кирип экспонатарды алып чыгып тарых сабагынан окуучулардын кружогун ачып көлгө кирип, окуучулар менен табылган таштарды буюмдарды алып келгенбиз. Жыл сайын археологиялык жүрүштөргө барып жүрдүк. Ошондой эле Сары-Булуң айылынын тургундары кызыгып тапкан буюм-тайымдарын жана башка нерселерин алып келип жатышты,”-деп айтып өттү ал.

“Музейдин ачылыш себеби эмне болду?”-деген суроого:  «ИСУР (Институт Стратегии Устойчивого Развития) фонду менен биргеликте проект жазып Шаршенгул Тагаев атындагы №30 мектебинде кабинет берилип, музей ачулуу алдында турат. Ысык-Көлдөгү чөгүп кеткен Чигу шааары боюнча окуучулар менен иш алып баруудабыз. Ошондой эле” Чигу” музейин май айына чейин бүтүрүүгө аракет кылуудабыз.

Даярдаган: Нургүл Курманбекова, Айзат Бердалиева

Редактор: Салават Жангабылов