7 жаштагы Айдатка космонавт болгусу келет

222

Чүй облусунун Суусамыр айылында жашаган Айдатка Кадыржанова келечекте космонавт болууну каалайт. Ал бул кесипке Салижан Шарипов тууралуу маалыматты окуп таасирленгенден кийин кызыга баштаган.

Учурда Айдатка 1-класста окуйт. 12-апрель күнү ал Салижан Шариповду социалдык тармак аркылуу Космонавттар күнү менен куттуктаган. Айдатканын куттуктоосу өз ээсине жетип, Салижан Шарипов менен видеочалуу аркылуу байланышты. 

“Мен апамды Салижан Шариповдун телефон номерин таап бериңизчи деп сурангам, анткени майрамы менен куттуктайын дегем. Бирок апам номерин таппай, интернетке коюп койсок көрөт деп айткан. Мен аны аябай көргүм келген, сүйлөшкүм келген. Анан бир күндөн кийин вотсаптан сүйлөштүм. Ал мага кызыктуу нерселерди айтты жана иштеген жериндеги спутниктин макеттерин, космос кемесин, тамак-аштарын көрсөттү. Мен андан дагы космоско учасызбы деп сурадым. Ал 2 жолу барып келгем, эми барбайм го деди. Мен ага көп суроолорду бердим, ал жооп берди. Эң кызыктуусу скафандр кийими 15 килограмм экен, анан азыр 2 кыз учканга даярданып жатыптыр. Мен да келечекте космоско учам, изилдейм, спутникти ачык космоско кое берем, бирок, окууну бүтүп анан Салижан Шарипов иштеген университетке окугандан кийин.”

Айдатка интернеттен космос жана космонавттар тууралуу көп маалыматтарды окуп, видеолорун көрүп чыккан. Биз ата-эне катары анын чечимин сыйлайбыз дейт атасы Нуркан Бекжанов:

“Кызым балдардын журналын көп окуйт. Ал жактан космонавттар тууралуу маалыматты окуган экен. Бизге дайыма кызыктуу фактыларды айтып турат. Айдатканын чечимин колдоп, колубуздан келген колдоону көрсөтөбүз. Салижан Шарипов менен байланышкандан бери кызыгуусу өтө күчөдү жана сүйүнүп жүрөт.”

Мектепте Айдатка 1-класста окуйт. Классынын президенти жана эң алдынкы окуучусу. Класс жетекчиси Миргүл Шалпыкованын айтымында, азыр космонавт  болууну каалагандар аз:

“ Айдатка өзү ушу космоско кызыгып, көп маалыматты окуптур. Класска келип балдар менен бөлүштү билимин. Биринчи космонавттар, алардын тамагы, кийими жана башкалар тууралуу.” 

Салижан Шарипов өзү космостон тарткан сүрөттөрүн Айдаткага жөнөткөн.

Келечекте космонавт болуу үчүн жакшы окуп, үлгүлүү болуу керектигин жана дайыма космос тууралуу маалымат чогултарын кичинекей Айдатка жакшы билет.

Даярдаган: Зыйнат Самарбек кызы