Тасмада Wi-Fi интернет коюлууда

Азыркы учурда Карасаев айыл аймагындагы Чоң- Тогузбай, Тасма айылдарындагы үйлөргө Wi-Fi интернети коюулууда. Буга чейин Тасма айылында интернет болгон, бирок, жай иштеген.  Интернет “Телеком” ишканасы тарабынан коюлуп жатат.

Айыл тургуну Гулзат Мусалиеванын айтуусунда, интернет койдуруу мурунтадан эле максатыбыз болчу. Интернетти коюдуруп, өзүбүзгө керектүү маалыматтарды алып жаткандыгын билдирди:

«Интернеттин таасири жаман дагы жакшы дагы жагы болот. Жаманы, окуучулар азгырылып сабак окубай калышат. А жакшысы өзүнө эмне керек болсо, ошону ала аласың. Каржы маселеси койдуруп, аппараттары менен 4000 сом, бир айга 700 сомдон төлөп турабыз. Биз мурунтан бери эле интернет койдурабыз деп максат койгонбуз максатыбызга жеттик,”- деп билдирди.

Иш-чаранын уюштуруучусу Аскер Өмүрбеков интернетти жайылтуу бул замандын талабы, бара-бара бардыгы интернет менен болуп жатат деп билдирет:

“Телекомдун планы боюнча атайын эки айдын ичинде койдурулуп бутуш керек деген тапшырма келген. Бул ошол ишкананын планы. Мунун окуучуларга тийгизген пайдасы жок, ата-энелер балдарын караш керек. Интернетке эле кечке отургуза бербей бир сааттан ашырбаш керек,”- деп билдирди.

Даярдаган: Гүлбайра Кубаныч кызы, Касиет Асангазиева, Аяна Айбек кызы