Сары-Булуң айлындагы жаш баатыр эне менен маек

Түп районуна караштуу Сары- Булуң айылынын келини, 9 кыздын энеси Максатгүл Мусаева азыркы жаштарга кааларым көп балалуу болушсун, “Балалуу үй базар, баласыз үй мазар” деп бекеринен айтылбаптыр. Мен ушу 9 кызым бар экенине сыймыктанам деген Максатгүл Мусаева менен маек курдук.


-Канча жашынызда турмушка чыккансыз?
-1994-жылы Сары Булуң айылына турмушка чыккам, азыркы кезде 42 жаштамын.
-Көп балалуу болом деген оюңузда бар беле?

-Мен окуп жүрөндө эле 6-7 балалуу болом деп тилек кылчымын. Азыр тогуз кызым бар, ошого шүгүр кылам кудай берген кыздарым бар.
-Кыздарыңыздын мүнөздөрү ар башкачабы?

-Ооба. Кыздарымдын ар биринин мүнөзү ар башкача бири токтоо, экинчиси тентек,дагы бирөө шайыр дегендей ар бирөө ар башкача.
-Тогуз кызыныз бар экен эркек балам жок деп өкүнбөйсүзбү?
-Тогуз кызым бар экенине өкүнбөйм. Кудай берген бала алты саны аман ошого шүгүр кылам. Эркек балам жок деп өкүнбөйм. Анткени, тогуз кызым бой жетип калды, 2 кызым турмушка чыкты, ошо эки күйөө баламды өз баламдай көрөм. Андан кийин жети кызым бой жетип турмушка чыкса, алардын жолдошторун да өз баламдай көрөм.
Даярдагандар: Айжан Нурдин кызы, Аалыева Барчын, Гулайым Болгонбаева