Энелер мектебинин Эл аралык форуму болду

265

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, новатор педагог Гапыр Маматкулович Мадаминовдун автордук «Энелер мектеби»- боюнча, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин статс-катчысы жетектеген, Өзбекстандын Фергана облусунун жетекчисинин орун басары баш болгон делегация, Тажикстандын Сугд облусунун жетекчисинин орун басары менен кошо келген делегациянын катышуусу менен уюштурулган Эл аралык форум болуп өттү. Форумда Кыргызстандагы көптөгөн Жогорку окуу жайларынын ректорлору менен кошо профессор-окумуштуулар катышышты. Форумга катышкан жети облустагы Ыйгарым Укуктуу өкүлдөрдүн орун басарлары менен кошо район, шаарлардын башчыларынын социалдык иштер боюнча орун басарлары чыгаан мугалимдери Эл аралык деңгээлдеги форумду уюштурган, Баткен облусунун башчысы Абиш Халмурзаевге ыраазычылыктарын билдирди. Форум соңунда, Тажикстандан делегат болуп келген профессор, тарых илимдеринин доктору, Б. Гафуров Академиялык музейинин директору Х. Холджураев сөз сүйлөп, Гапыр Мадаминовго Академик даражасын ыйгарууну сунуш кылды. Тажикстандын делегация башчысы Назира Гоффарзода, Гапыр Мадаминовдун илимий эмгектери Сугд облусунда көп жылдан бери ийгиликтүү колдонуп, мыкты натыйжаларды берип келе жаткандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Кабарчы: Бакытбек Сапаркулов