Барскоондо «Бапа жаштары» уюму айылдын өнүгүшүнө салым кошууда

Барскоон айылынын Маданият үйүндө «Бапа жаштары» уюму тарабынан уюштурган райондук семинары болуп өттү. Семинарда уюумдун мүчөлөрү айылдын өнүгүп- өсүшүнө кандай жардам көрсөтүп жатышкандыгы, жетишкен ийгиликтери тууралуу сөз болду.   «Бапа жаштары» уюму жөнүндө кыскача баяндай кетсек, бул уюм 2012-жылы 11-июнда түзүлгөн. Уюумдун жалпы 130дан ашуун мүчөсү бар. «Бапа жаштары» уюумунун демилгеси менен «Тарылга-сервис» ишканасы уюушулуп, 35 адам жумуш орду менен камсыз болгон.

Азыркы күндө бул ишкананын жардамы менен Барскоон айылынын көчөлөрүнө кум шагыл төгүлүп, жылына  1 миллион сомдук акчалай эквивалентте иш аткарат.

 

Ушул эле «Тарылга сервис» ишканасы жылына 2 баланы аз камсыз үй-бүлөдөн окууга өткөрүп, акысын төлөөгө 40 000 сом акча каражаты бөлүнүп турат. Ошондой эле айыл жаштары демөөрчүлүк кылып жыл сайын аз камсыз үй-бүлөлөргө кышкы көмүрүн алып, үйүнө түшүрүп берип турушат.

                                                                          Барскоон айылындагы борбордук мечиттин ремонт иштерин жүргүзүүдө жаштар уюму жумушчу күчүн камсыздоо менен бирге бак отургузууга көмөк көрсөтүшкөн. Бала бакчанын толук кандуу курулуштарын бүтүрүү иштерине айыл өкмөтү тарабынан акча каражаты бөлүнүп, жаштар коому  активдүүлүк менен колдоо көрсөтүштү.

 

Айыл өкмөтү жана Кумтөр Оперейтинг Голд  компаниясы жаштар менен биргеликте жардамга муктаж үй-бүлөлөргө отун түшүрүлүп берилүүдө.  Айылдын тазалыгын сактоодо жаштар өз салымын кошуп, көл жээгин тазалады жана жол жээгиндеги тал кыркууда чон жардам беришти. Жаш жеткинчектер да кайдыгер карабастан, ишембиликке чыгып, өз тарбиялуулугун далилдеп беришти. 

Даярдаган: Эрлан Абласов