Кара-Сууда жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жатат

Жайыл районунун Кара-Суу айылында жазгы талаа иштери аяктап бара жатат. Дыйкандар жерлерине арпа жана кызылча эгишти. Март айынан баштап айылдын дыйкандары эгин сээп башташкан. Тургундардын болжолдуу айтуусу боюнча айылда 600-700 гектардай арпа, 30 гектардай кызылча себилди, айырымдары дагы эле сээп жатышат.
Мисалга алсак, Чакчагаев Чыңгыз 20 гектар арпа жана 3 гектар кызылча септи. Дүйшөнкуловдордун үй- бүлөсү 150 гектардай арпа эгишти жана кызылча сепкенге даярдык көрүп жатышкан учуру. Айрымдары былтыр беде сээп, быйыл жамгырдын көп жааганына байланыштуу эрте өсүп, чөптүн түшүмү мол болушу күтүлүүдө.
Май айынын орто ченине чейин жүгөрү себиле баштайт, анткени жүгөрү сепкендер арбын. Жүгөрү малга жакшы тоют, ошондуктан айылдыктар бул өсүмдүктү көп себишет, аны сатса да жакшы пайда көрөт.

Быйыл жазгы талаа иштери учурунда аба ырайы жакшы болуп, дыйкандардын түшүмгө үмүтү чоң.
Даярдаган: Бейшенбекова Гүльзада, Анвар кызы Айзада