Айыл өкмөт жалпы жамаат менен ишембиликке чыкты

Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында айлананын санитардык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү максатында иш-чара түзүлүп, пландын негизинде 14-апрель күнү өкмөттүн жалпы жамааты ишембиликке чыкты.

Бул тууралуу маалыматты Сумбула айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Абдураим Жороев төмөнкүчө билдирди:

«Бүгүн айыл өкмөттө коомдук жайларды тазалоо иш-чарасы жүрүп жатат. Дарактарды актап, таштандынан тазалап, бактарды отургузуп жалпы жамаат менен ишембиликке чыктык».Бул иш-чара май айына чейин улантыларын айтып, кошумчалайт.

«Ишембиликке жамаат менен жумасына чыгып турабыз. Мындай иш-чара май айына чейин мектептерде дагы өкмөттө дагы улантылат».

Даярдаган: Данияр Бахридин уулу