Таласта окуучулар япон тилин үйрөнүп жатышат

202

Талас шаарындагы “Баластан” балдарга билим берүү борборунда Япониядан келген мырза кыргыздарга япон тилин үйрөтүп эмгектенүүдө. Ал эми бүгүнкү күндө Кыргызстанга Япониядан конок чакырып балдар менен тааныштырууда. 

«Менин атым Хиде. Мен Кыргызстанга Япониянын Токио шаарынан келдим. Мен ал жакта устачылык менен алектенем. Кыргызстанга келгенимдин бирден бир себеби, бул кыргыз элинин меймандостугу жана абасынын тазалыгы абдан жагат, жана япондор үчүн Кыргызстан өтө эле таанымал өлкө».

Ошону менен бирге япон курсунун окуучулары да Хиде менен таанышкандарына өтө кубанычта.

«Мен Толгонай Тимурова Талас шаарындагы Абжалбек Чолпонкулов атындагы №1 жалпы билим берүүчү орто мектебинин 10- классынын окуучусу болом. Мага япон тили башка тилдерден кандайдыр бир өзгөчөлүктөрү менен айырмаланып тургандыгы жагат, жана негизги максатым чет тилдерди үйрөнүү. Ошондуктан, мен азыркы учурда Талас шаарындагы “Баластан” балдарга билим берүү борборундагы япон курсуна катышып жатам. Мен башында келгенде кыйналгам жана ошону менен бирге кызыгуум да бар болчу. Ал эми азыркы учурда баары жакшы, биз бул жактан бир гана япон тилин үйрөнүү менен чектелбестен Япониянын маданияты, салты менен же жалпылап айтканда, Японияда эмне болбосун ошонун баары менен таанышып чыгабыз. Биздин мугалимибиз Татсоусан бизге япон тилин үйрөтүү менен чектелбестен Япониядан келген туристтер менен тааныштырып, алардын сабактарына катыштырып, сүйлөшүү эрежелерин үйрөтөт».

Азыркы учурда чет тилдерин өз тилиңдей билүү да өтө керек. Себеби чет өлкөлөрдү кыдыруу, билимиңди тереңдетүү бул ар бир адамдын максаты болсо керек.

Даярдаган: Толгонай Тимурова