Өрөөндүк спартакиада жыйынтыкталды

Нарын районуна караштуу Учкун айыл аймагында 6-апрель күнү райондук деңгээлде спартакиада болуп жеңүүчүлөр аныкталды.

Жыл сайын болуп туруучу бул спартакиада быйыл да болуп өрөөндүк, райондук оюндары өттү.

Бул иш-чарага Нарын районундагы Куланак, Учкун, Жан-Булақ, Достук, Сары-Ой айылдары арасында болуп 1-жана 2-орунду ээлегендерди райондук оюнга тандоо болгон эле.

Ал эми 6-апрель күнү ошол эле спартакиаданын райондук оюндары жыйынтыкталып, алдынкы орундарды камсыз кылган окуучуларды областтык деңгээлдеги спартакиадага тандап даярдоо жүрүп баштады.

Бул спартакиаданын эң кызыктуу учуру балдардын жана кыздардын волейбол оюну болду.

Эскерте кетсек, облустук оюндарда Нарын областындагы бардык райондордун мыкты оюнчулары келип күч сынашат. Мисалы: Ак-Талаа, Ат-Башы, Кочкор, Жумгал жана Нарын районунан тандалган мыктылар келип катыша алышат.

Даярдаган: Ырысбай Адамалиев

сынак учун