Апрель баатырларды эскерилди

Бүгүн Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде 2010-жылдын 7-апрелинде каза болгон баатырларды эскеришти. Окуучуларга мындан сегиз жыл болуп өткөн окуя тууралуу мугалим Гүлжан Аджиева айтып берди. Окуучулар менен мугалимдер бул күнү курман болгон баатырларды бир мүнөт үн катпай эскеришти. Жана ошондой эле окуучулар болуп өткөн окуяны чагылдырган фотосүрөттөр менен таанышышты.

Даярдаган: Гүлзада Бейшенбекова