Экологиялык билим күнүнө карата жумалыктар өтүлө баштады

52

15-апрель «Экологиялык билим күнүнө» карата 1-11-класстын окуучуларына ачык тарбия сабактар өтүлүүдө.

1-класстын окуучулары «Канаттуулардын эл аралык күнүнө» карата, 2-класстарынын окуучулары «Суу ресурстарынын дүйнөлүк күнүнө» карата, 3-класстын окуучулары «Эл аралык канаттуулар күнүнө» карата жана башка экологиялык багыттагы класстык сааттар өтүлүүдө.


Жумалыкты өткөрүүнүн негизги максаты: окуучуларга, жаратылышты, табиятты, жер шарындагы жалпы тиричиликти коргоого үйрөтүү деп билдирди 2-классынын класс жетекчиси Чынара Жусубакунова:

«Жумалыктын максаты, окуучуларга табияттын ресурстарын пайдаланууга, аларды өнүктүрүүгө, табиятка аяр мамиле кылуу, жаратылыш, экология жөнүндө кеңири маалымат алышты»,- дейт 3-класстын класс жетекчиси Жанаркүл Келгенбаева.


жумалыкта башка класстарда да экологиялык сабактар уланууда. Ачык тарбия сабактарга ГЭФ-ПРООНдун «Туруктуу жашоо шарттарын колдоо үчүн Батыш Тянь-Шань тоо экосистемасынын глобалдык маанидеги биотүрдүүлүгүн жана аны менен байланышкан жер жана токой  ресурстарын сактоо» долбоорунун Тогуз-Торо районундагы волонтеру  Алтынай Женишова келип катышты.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова