Республикалык сынакта суусамырлык мугалим баш байгени багындырды

375

Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагынын Кожомкул айылындагы Сапарбек Мырзакматов атындагы орто мектебинин мугалими Аида Медетбек кызы республикалык сынакта баш байгени жеңип алды.

“Мугалим -коомдун күзгусү” атындагы мугалимдер арасында жыл сайын өтүүчү сынак “Мугалим” журналы тарабынан уюштурулуп келет. Бул сынакка эң башкы этапта 300дөн ашык мугалим тапшырыктарды калтырып, алардын ичинен 12 мугалим гана тандалып алынган.

Жеңүүчү Аида Медебек кызы 26 жашта. Мугалимдик кесипти аркалаганына 4 жыл болгон, ал кыргыз  тили жана адабияты мугалими. Бул сынакка өз күчүмдү сынап көрүү үчүн жана айылымдын атын элге таанытуу максатында чыктым дейт:

“Мындан бир жыл мурда мага сунуш түшкөн болчу, бирок менин ишим көп болуп катыша алган эмесмин. Быйыл бел байлап катышып корөйүн ”дедим. Бул жеңиштин артында чоң эмгек турат. Аткени мен өзүмдү өнүктүрүүнүн үстүндө күн сайын иштейм. Ар бир баскан кадамымдан жаңы нерсе, мен билбеген нерселерди издеп, дайыма радио угуп, телевизор көрүп, ал жактан жалаң гана пайдалуу маалымат алганга тырышам. Албетте, сынакта менден өткөн тажрыйбалуу улуу эже-агайлар да катышты, алардын арасында мен жөн эле артта калам го деп ойлодум”.

Сынак аяктагандан бери жеңүүчүгө кино тармагында жана актердук чеберчиликти өстүрүү тармагында сунуштар түшүүдө. Бирок Аида эч качан мугалимдик кесипти таштап, башка кесипке өтө албастыгын жана актердук чеберчилик бул жөн гана хобби экендигин баса белгиледи:

“Эгерде мугалимдик кесибиме залакасы тийип жана бул кесипти таштоого алып бара турган болсо мен башка сунуштарга макул боло албайм. Себеби, мугалимдик кесипти мен кичинемден кыялданып, эңсеген жана сүйгөн кесибим”,- дейт Аида Медетбек кызы.

Эл агартуунун отличниги, көп жылдар мектепте директордун орун басары болуп иштеп келген Нургул Шалпыкова, жеңүүчүдөн мындан да көп ийгиликтерди күтөрүн айтты:

“Аидага окшогон жаш мугалимдер көп болсо деп тилейт элем, жаңыча көз караш, активдүү иштеген мугалим болуу оңой эмес. Биз Аида менен Суусамыр эли сыймыктанабыз жана дагы коп ийгиликтерди күтөбүз”.

Мындан тышкары, Аида Медетбек кызы мектепте окуу –тарбия иштери боюнча директордун орун басары, Суусамыр өрөөнүндө Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаевдин  демөөрчүлүгү менен уюштурулуп келген “Акыл Ордо” интеллектуалдык оюнунун уюштуруучусу, “Суусамыр FM” жамааттык радиосунда алып баруучу жана депутаттын жардамчысы болуп кошумча эмгектенет. Аиданын айтымында, бул иштер ал үчүн чек эмес, кызыктуу жана элге пайдасы алып келген иш-чаралар менен алектене берерин баса белгиледи.

Даярдаган: Анарбек Калдыков