Алыскы айылдарда «Өз укугуңду бил» акциясы жүргүзүлдү

207

Европа биримдиги ишке ашырып жаткан “Кыргызстанда кыйноого жана адамгерчиликсиз, аёосуз, кемсинткен мамилеге, жазалоого каршы күрөштө мамлекеттик жана жарандык коомду колдоо” долбоорунун алкагында жарандык коом уюмдарынын тармагын түзүү багытында иш башталды.

Бул долбоордун катышуучулары PRI, Кыйноолорго каршы улуттук борбор, Адвокатура, “Кылым Шамы”, “Бир дүйнө — Кыргызстан”, “Балдардын укугун коргоо лигасы” Коомдук бирикмелери. Долбоор быйыл жыл башында башталган жана бир катар мамлекеттик органдар менен кызматташып, эксперттик колдоо, деңгээлди жогорулатуу, кыйноо жаатында коом менен бийликтин диалогун бекемдөө изги багыттардын бири.

Долбоор адистешкен мекемелерди, бейөкмөт уюмдарды, жергиликтүү эксперттерди, укук коргоочуларды ушул тармакка кошулууга чакырат.  Долбоор өз тарабынан төмөнкү иш-чараларды сунуштайт: деңгээлди жогорулатуучу талкуулар, мониторинг сапарлары, кийинчерээк мыйзам эрежелерине киргизүүгө ыктаган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Улуттук жыйын өткөрүү. Мындан тышкары, 13- мартта Бишкек шаарында “Өз укугуңду бил” акциясы өткөрүлүп, ага жүздөгөн жаштар катышкан.

Акциянын уюштуруучуларынын бири, “Бир Дүйнө -Кыргызстан” уюмунун өкүлү Лира Асылбекованын айтымында, бул акция бир күндүк гана иш-чара эмес, коомдук транспортторго плакттар дагы илинип, ар түрдүү жагдайларда эксперттер, укук коргоочулар өз пикирлерин билдиришет жана дагы бул иш- чара Кыргызстандын алыскы аймактарында да уланат.

Ушул максатта Жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттарынын ассоциациясы менен биргеликте алыскы аймактарда элге маалымат таратуу иш-чарасы жүргүзулдү. Иш- чаранын алкагында алыскы айылдардагы элдерге маалымат баракчалары таратылып, түзүлүп жаткан тармак тууралуу айтып берилди. Бул учурда коомчулуктан ар түрдүү ой-пикирлер да айтылбай койгон жок. Бири тармакка кошулгусу келерин айтса, экинчиси алыскы аймактарда жашаган жана маалымат жетпеген инсандарга мындай иш-чаралар абдан керек экендигин баса белгилешти.

Жалпысынан жети облустун өкүлдөрү маалымат таратуу ишине катышып, 14 жалпыга маалымдоо каражаттары иш алып барды. Аталган тармакка мүчө болууну каалагандар үчүн csonetworkkg@gmail.com электрондук дарек иштейт.

Эскерте кетсек, бул тармак бейөкмөт уюмдарды жана адистерди тажрыйба алмашууга, мамлекеттик органдар менен демократиялык диалогду бекемдөөгө, окутуп-үйрөтүүгө жана мыйзамдагы өзгөрүүлөрдү ишке ашырууга тартуу үчүн түзүлүүдө.

Даярдаган: Айзада Калканбекова