Сумбулада мугалимдер арасында зоналдык олимпиада өттү

  • 4-апрелде Сумбула айыл аймагынын Манас атындагы орто мектебинде валейбол боюнча мугалимдер арасында зоналдык этап өттү.Оюнда 6 мектептин мугалимдери ат салышып,аягында Манас атындагы орто мектеби ийгиликке жетти.Валейбол ойноп жаткан мугалимдердин арасында мектеп директорлору, окуу бөлүм башчылары дагы бар.

Бул тууралуу маалыматты Манас атындагы орто мектебинин дене-тарбия мугалими Гасидин Алдашев төмөнкүчө билдирди:

«Оюн кызыктуу өттү. Бардык командалар жакшы оюн көрсөттү. Мындай мелдеш жыл сайын өткөрүлүп турат. Оюндун аягында Манас атындагы орто мектебинин мугалимдери 1-орунду ээлеп, 20-апрелде өтүлүүчү региондук турга жолдомо алды»-деди ал.Максаты мектеп мугалимдеринин ынтымагын бекемдөө, алака түзүү жана тажрыйба алмашуу болуп саналат.Оюнга күбө болуп отурган Андарак 1 орто мектебинин 10-классынын окуучусу Хушбахт Төракулов өз оюн төмөнкүчө билдирди:

«Командалар жеңишке жетиш үчүн катуу атаандашып ойноду. Оюн кызыктуу болду».

Даярдаган: Данияр Бахридин уулу