Салттуу билим : терме согуу онорун жаштарга Бааргул эже уйротуудо.

80

Байыртадан кыргыздардын жашоосунда чон мааниге ээ болгон «терме» онорун жаш  кыз- балдарга уйротууну коздоп максат кылган Исманова Бааргул эженин  кабарчыларга куруп берген маэги.

Саламатсызбы эже биздин борборго кош келипсиз.Биринчи сурообуз бул онорду качантан бери алып келе жатасыз ?

Саламатчылык. Чакырып маек куруп бериниз дегенинерге  чон рахмат!Мага бул онорду жаны турмуш куруп, келин болуп келгенде кайнэнем уйроткон. Ошондон тарта  ушул кары кишинин берген билимин андан ары улап келе жатам.

Озунуз тууралу айтып беринизчи?

Мен Исманова Бааргул Кара-Балта шаарынын тургунумун, 63 жаштамын, ардактуу эс -алуудамын. Бош убактымдын баарын терме токуп откором. Негизинен боз уйдун жасалгасын жасайбыз. Уул -кыздарым чонойуп оз-озунчо тутун булатып кетишкен. Тилекке каршы бул онорду аларга откоруп бере алган жокмун. Ошол себептен силердин айылга келип жаш келин-кыздарды уйротойун деп чечтим.

Терменин турлору жана аны кантип жасайт, аспабы тууралу айтып бере аласызбы?

Терме торт турго болунот: бул таар, терме таар, эки беттуу таар, кыжырым. Терме таарды боз уйдун жасалгасына токуйт. Ал учун жунду ийрип, чыйратып боёкко салып даярдап алабыз. Атайын казыктарды даярдап , четте болсо эки адам жипти алып  жугурот, бир адам болсо жипти байлайт. Даяр болгондон кийин кайра казыкты кагып аны байлайбыз дагы, кочот тушуруп сого баштайбыз.

Азыркы жаш муунга ушул онорду уйротконго кандай карайсыз?

Туура суроо. Ооба азыркы жаштар баарын уйронуп билиш керек жана аны улантып кетуу керек. Мен бул онорду бардыгына уйроткум келет жана уйрото берем.

Маек куруп бергенинизге чон рахмат.

Силерге да рахмат жана ийгилик каалайм.

Даярдагандар:Марат кызы Насыйкат, Чокморбаева Назми.