Сары-Булуң айыл аймагындагы бардык мекемелерде тазалоо иштери жүрүүдө

426

Тогуз- Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагынын бардык мекеме кызматкерлери көчөлөрдү тазалап, ишембилик жүргүзүүдө.

Бул тууралуу Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн жер адиси Артылбек Рысбеков төмөнкүлөрдү билдирди:

«Быйылкы жыл региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялангандан бери элет өнүгүү айылдан, айылдын өнүгүүсү айылды башкарган айыл өкмөттөн, демекчи, биринчи өзүбүздөн баштайлы деп турабыз. Ошондой эле президенттин жарлыгынын негизинде айыл өкмөттүн буйругу чыккан. Азыр бардык кызматкерлер тазалоо иштерин кылып жатышат.

Ишембиликтер бүткөндөн кийин айдоо, себүү иштерин баштайбыз. Андан кийин ички арыктар тазаланат. Учурда айыл өкмөт өткөрүлүп жаткан ишембиликтерди кыдырып кеткен, бул жерде аймактын ишкерлери иштеп жатабыз».
Ошондой эле мындай ишембиликтер №7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде да өткөрүлүп жатат.
Бул тууралуу мектептин тарбия иштери боюнча жетекчиси Калиман Мааткеримова буларды билдирди:

«Кыргыз Республикасынын 2018-жылынын 10-январындагы № 2- буйругунун негизинде «Таза жашоо» урааны менен ар ишемби күндөрү ишембилик өткөрүү боюнча мугалимдер уюшуп, бугун ишемби күнү мектептин айланасына тиешелүү болгон жерлердин бардыгын тазалап чыктык. Ушундай ишембиликтер ар ишемби күндөрү өткөрүлүп турат. Бул өткөрүлгөн ишембиликтер тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнө сүрөт жана видео түрүндө маалымат берип турабыз»-деп билдирди.
2018-жыл «Аймактарды өнүктүрүү» жылына карата мындай ишембиликтер ар ишемби күндөрү өткөрүлүп турат.

Даярдаган:  Азем Маратова

Мыкты макала сынагына