Ооган-Талаада таштандыларды ташуу кызматы ишке кирди

Ооган-Талаа айылындагы таштандыларды ташуу иштери быйыл ишке ашты. Буга чейин ар бир үй-бүлө таштандыны өздөрү ташып, айыл четинен агып өтүүчү Кара- Үңкүр дарыясынын жанындагы жарга ыргытып келишкен. Акы төлөнүүчү бул кызмат иштегенден бери, айылдыктар көчөнүн боюна капка салынган таштандыларды чогултуп коюуда. 

Бул долбоор 2017-жылдан бери ишке ашпай келе жаткан болчу. Мына быйыл 2018- жылы ишке толугу менен кирди. Жолдун четине алып чыгылган таштандыларды атайын таштанды ташуучу машина алып кетип жатат.

Бул таштандыларга ар бир кожолук эл айына жыйырма беш сомдон төлөйт. Таштандыларды ташуучу машина алты айылдын ар бир көчөлорүнө кирип жол четине алып чыгып коюлган таштандыларды ташыйт.

Айыл башчы Муктар Долдоевдин айтымында:

«Бул долбоорду биз 2017-жылдан бери түзүп келе жатабыз. Мына эми кудайым колдоп, быйыл 2018-жылы бул долбоорду ишке ашырып жатабыз. Бул таштандыларды ташуучу машина Могол айыл округундагы айылдардан ташыйт»,- деди Долдоев

Эми таштандыларды машина бир айда төрт жолу ташыйт. Элдерге «Таштандыларды жол четине алып чыгып койгула» деген эскертүүлөр элдик жыйында айтылган.

Даярдаган: Адилет Канат уулу