Республикага жолдомо алган жаш окуучу

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы №17 Далбаев атындагы мектеп-гимназиясынын 6-классынын окуучусу Тахмина Жекшен кызы математика сабагынан республикага жолдомо алды. 

Тахмина 6-класста окуйт. Ал математика сабагынан олимпиадага райондук турга катышып биринчи орунду багынтты. Ошондой эле областтык турдан да биринчи орунду ээлеп республикага жолдомо алды.

Тахмина Жекшен кызынын айтымында,

«Мен райондон, областтан биринчи орунду алганда абдан кубандым. Мен учун олимпиада кыйынчылыкка турган жок. Мени озумдун класс жетекчим Зарина Орозова эжейим даярды. Азырынча республикага даярдыктарым жакшы болуп жатат».

Олимпиада апрель айында Бишкек шаарында болуп отот.

Даярдаган: Бурулай Доолотбек кызы