Жаш бийчи Айсулуу облуста экинчи орунду багындырды

Ооган-Талаа айылындагы №17 Далбаев мектебинин 9-классынын окуучусу Айсулуу Зулпукарова бий боюнча облустан экинчи орунду алды. 

Айсулуу «Айбийке» бий тобунун мүчөсү. «Айбийке» бий тобу алты кыздан түзүлгөн. Бийчилер классташтар. Алар бири- бирин жакшы түшүнүшөт.

Бул алты кыздын бирөөсү Айсулуу Зулпукарова районго бий сынагына катышып биринчи орунду алып облуска да жолдомо алган. Эми болсо облустан экинчи орунду багындырып келди.

Айсулуу Зулпукарованын айтымында:

«Мен райондон өткөндө областтка мени атайын бийчилер даярдады. Даярдыгым жакшы болду. Мени ушинтип даярдап экинчи орунга жеткирген мугалимдериме рахматымды айтмакчымын. Ошондой эле мени колдоп турган классташтарыма жана «Айбийке» бий тобунун мүчөлөрүнө да чон рахмат», -деди Зулпукарова.

Даярдаган: Айдана Курманбека