Спорттун түрлөрү боюнча таймашка даярдыктар жүрүүдө

Ооган-Талаа айылын мектебиндеги кыздардан куралган курама командасы волейбол оюну боюнча аймактык турдан өтүп, районго жолдомо алышты. Ошондой эле футбол, шахмат, теннис оюндарынан да таймаштарга окуучулар болот.

Ушул кыздардан куралган курама командасы аймактык турдан өткөндөн баштап райондук турга тынымсыз даярданууда. Футбол, шахмат, теннистен да даярдыктар күчтүү болуп жатат. Кыздардын командасы 9-10-11-класстын окуучуларынан куралган. Райондук тур 31-мартта болуп өтөт.

Команданы даярдап жаткан Хасан Эгембердиевдин айтымында:

«Бул кыздар жакшы даярданып жатышат. Буларды мен эле эмес дене-тарбия сабагынан берген агайлар да даярдап жатышат. Мен кыздарыма ишенем, райондон да биринчиликти багындырып келебиз деген оюм бар. Спорт боюнча бир гана валейбол оюнан эмес футбол, шахмат, теннис оюндарынан да алып барабыз», -деди Эгембердиев.

Футбол командасы да ар бир класстан чогултулган балдар. Бирок бул футбол таймашы чоң эмес, чакан болгондуктан 6 гана окуучу барат.

Шахмат оюну боюнча 9-классынын окуучусу Динара Ташбаева жана 8-классынын окуучусу Айбек Адылжан уулу барышат.

Теннис боюнча таймашка Элмир Абиджанов барат.

Даярдаган: Айкен Паязова