8-класстын окуучулары Нооруз майрамына арналган кече өткөрүштү

466

20-мартта Болот Алаков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 8-класстарынын Нооруз майрамына арналган кечеси болуп өттү.

8-класстарынын класс жетекчиси Советкан Шаршеева кече тууралуу төмөндөгүлөргө токтолду:

«Окуучуларым кечеге кызуу даярданышты. Аларга ыраазычылыгымды билдирем, эмгегимди акташты. Кыздар сабактан кийин калып даярданып жатты. Чын айтканда менден эч кандай жардам сурашкан жок. Толугу менен бардыгын өзүлөрү даярдашты. Ырларын да, бийлерин да жогорку деңгээлде даярдашты. Биздин кечени көргөндөр да абдан ыраазы болушту.»

Ал эми кеченин катышуучусу Гүлбарчын Калыбек кызынын айтуусу боюнча кече окуучулардын купулуна толду:

« Нооруз — бул кыргыздардын илгертеден келе жаткан майрамы. Бул майрамда сүмөлөк бышырылат, улуттук оюндар ойнолот. «Нооруз» кыргызча которгондо «жаңылануу » дегенди түшүндүрөт. Ал эми, өзүм боюнча айтсам менин ролум — алас айтуу жана  бийлерге катышуу болду. Классташтар менен аябай аракет кылып даярдаганыбыз көрүүчүлөргө жакты деген ойдомун.»

Даярдагандар: Адинай Кадырбекова, Нуркыз Айдарбекова